super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 16-СЕНТЯБРЬ: Мындан 18 жыл мурун Баткенде согушчандар басып алган Зардалы айылы бошотулган

 

Мындан 18 жыл мурун Баткенде согушчандар менен өкмөттүк аскерлердин ортосунда атышуу болуп, 1999-жылдын 23-августунан бери согушчандар басып алган Зардалы айылы бошотулган. Баткен окуясы эгемендүү Кыргыз мамлекетинин тынчтыгы үчүн коркунуч жараткан окуя болгон.

Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында эгемендүү Кыргыз Республикасынын түштүгүнө басып киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүн Өзбек Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн.

Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын, райондук администрация кызматкерлерин, ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Мындан тышкары айрым кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Август айынын башында Баткен облусунун алыскы чек ара аймактарында пайда болгон куралчан адамдар 23-август күнү Зардалы айылын басып алган. Динге жамынган террорчулардын бул аракети Кыргыз өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Мындан улам 16-сентябрь күнү Баткендеги согушчандар менен өкмөттүк аскерлердин ортосунда атышуу болуп, 1999-жылдын 23-августунан бери согушчандар басып алган Зардалы айылы 20 күндөн ашык убакытта бошотулган.

Региондук деңгээлдеги терроризмге каршы күрөштө Кыргыз мамлекетине «Шанхай Бешилтигинин» келишимдерине ылайык Өзбекстан, Орусия, Армения жана Казакстан аскердик-техникалык жактан көмөк көрсөтүшкөн. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, айрымдары бул кармашта ата мекен үчүн курман болушту. Бул учурда Кыргыз өлкөсүнүн түштүгүндөгү куралдуу кагылышуулар жалпы элдин биримдигинин, душманга каршы сокку уруу жөндөмдүүлүгүн сыноодон өткөргөн.

Бул кармашуулар Сентябрь айынын аягына чейин уланган. Айрым маалыматтарда куралдуу салгылашуулардан 25-сентябрда Баткен облусунун аймагындагы куралчандардан толук тазаланганы айтылат. Ошол эле жылдын 27-сентябрында Бишкекте ислам террорчуларына байланыштуу деген шек менен 72 адам кармалган.

16-сентябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: