super.kg logo

Жер шарындагы эң кары адам катары эсептелинген ямайкалык Вайолет Моссе-Браун көз жумду

 

Жер шарындагы эң кары адам катары эсептелинген ямайкалык Вайолет Моссе-Браун аттуу кемпир 117 жашында көз жумду. Анын каза болгондугу тууралуу бүгүн, 16-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышкан.

Мындай маалыматты, Ямайканын премьер-министри Эндрю Холнесс өзүнүн интернеттеги социалдык баракчасына жазып, билдирүү калтырган.

"Кечээ Жер шарындагы эң кары адам катары эсептелинген Вайолет Моссе-Браун каза болду. Жаткан жери жайлуу болсун" деп жазган премьер-министр.

Браун 1900-жылы 10-мартта жарык дүйнөгө келген. Ал учурда Ямайка Улуу Британиянын курамында болуп, Вайолет Моссе-Браун туулгандыгы тууралуу күбөлүктү Британиядан алган. Ал эми Ямайка 1962-жылы гана Эгемендүүлүктү алып, өзүнчө өлкө аталган.

Ушул жылдын 17-апрелинде италиялык Эмма Морано каза болгон соң Жер шарындагы эң кары адам болуп Вайолет Моссе-Браун эсептелинип келген. Ал өмүр бою кант камышы өстүрүлгөн аянтта эмгектенген. Анын ырдоону сүйгөндүгү, ошондой эле чочко менен тооктун этин жебегендиги айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.09.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чочко этин жебептир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: