super.kg logo

Өмүрбек Бабанов сыртта иштеген мекендештерге кайрылды: "Иш орундарын түзөм, өз үйүңүздөргө кайтып келесиздер"

 

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Ош облусунун Ноокат районунун тургундары менен жолукту. 40 миңдей жергиликтүү жашоочу саясатчыны колдоого келишти. "Республика" партиясынын лидери жолугушуу учурунда чет жерде эмгектенген мекендештерге да кайрылды.

"Сиздер, баардыгыңыздар, тандоо жасаардан мурун эсиңиздерге түшүргүлөчү, кантип кыйналып Москвада, Екатеринбургда, Новосибирскте, Сургутта, Казакстанда, базардабы же болбосо жолдобу, же дагы бир кайсы жерде кыйналып иштейсиздер. Онуңар биригип бир батирге батпай жашап жүрөсүздөр. Мен ишенем, сиздер мени колдойсуздар. Мен сиздерге иш орундарын түзөм, сиздер мекенибизге, балдарыңыздарга жана ата-энеңиздерге кайтып келесиздер", - деди Бабанов.

Аткаруучу: ЖЧК "SUPER.KG" (СУПЕР.КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к. 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т. Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э. Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 16.09.17





кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: