Путин менен маектешкен кыргыз журналисти: "Үч уктасам түшүмө кирген эмес, аны карап чын эле өңүмдө болуп жатабы деп ойлодум"




Журналист Сыягүл Караман таанымал саясатчы, дүйнө лидерлеринин бири, Орусиянын президенти Владимир Путин менен кантип маектешкендигин SUPER.KG порталына айтып берди.
Ал өз сөзүндө мындай ойду көптөн бери ойлоп жүргөнүн, бирок мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишенбегендигин айтты.
"Июль айында расмий түрдө өтүнүч жөнөткөнбүз, бирок мүмкүнчүлүк болоруна деле ишенген эмес элек. Формалдуу гана "жок" деген жооп күткөнбүз. Кийин эле "өзүңүздөрдү тааныштырган маалымат керек" деген жооп келди. Маалыматты жөнөтүп, ага кошумча өткөн жылы президент Атамбаев жөнүндө "Атанын конушу" аттуу биз тарткан кино тууралуу да кошуп койдук. Мына ушул чечүүчү ролду ойноду окшойт", - дейт журналист.
Андан сырткары ал маектешүүнүн натыйжасында өзү көздөгөн максатына жеткенин, маек абдан жылуу маанайда өткөнүн айтты.
"Интервьюдан алган сезимдер укмуш. Борис Ельциндин 1999-жылы 31-декабрда элин кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап жатып айткан сөзү белгилүү. Анда "Орусия жаңы кылымга жаңы - акылдуу, күчтүү саясатчылар менен кирип жатат" деген. Дүйнө коомчулугу ошондо биринчи жолу Владимир Путин тууралуу билген. Мен да ушул сөзгө ынандым, Путинде харизма жана энергиясы ашып-ташып турат экен. Дүйнөлүк державанын лидери мени менен маектешүү үчүн 723 секунд бөлдү", - дейт Сыягүл Караман.
Айта кетсек, аталган интервью 14-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында орун алып, анда журналист Сыягүл Караман Путин менен Кыргыз-Орусия алакасы тууралуу маектешкен. Мындан тышкары журналист өзү айткандай, башка дагы саясий лидерлер менен интервьюлар күтүлүүдө.



Путиндин алдына каяктагы бир кыргыз журналисти эмес, Россиянын же Европа, АКШнын менмин деген журналисттери киргизилбейт! Демек Путин каяктагы бир кыргыз журналисти менен Атамбаев тууралуу 12-15 мунот убак коротконуна караганда, бул интервью кыргыз бийлигинин, Атамбаевдин коптон-коп отунучу менен ишке ашкан жана бул алдыдагы шайлоого байланыштуу деп ойлоого толук негиз бар!!!!
"Кайактагы бир кыргыз" абдан эле орой айтып салдынызго ошол кайактагы деген жерде озунуз жашап жада калса жаранысыз. Жеринизди элинизди сыйлай билиниз.
Эми Атамбаев тактан кетээринде, "мына мен кандай адаммын, мени кимдер гана мактап жатат" деп айтып мактанып журушу учун, бир чети Путин Атамбаевди жана анын мураскерин колдойт деген пикирди элге синирип жатат....
Путин орус журналисттерин кабыл албайт да, кантип эле кыргыз журналистине 12-15 мунот убактысын болуп калды деп ойлонуп корбодунбу башты иштетип?!!.....
Картина деп Путин бул интервьюга кандайча макул болгону жана бул интервьюнун артында Атамбаевдин кандай кызыкчылыктары бар, божомолдоп санап оттум...
Жогоруда айтканымдай, сага ал аялдын бактысы маанилуу болсо, мага жалпы картина кызык...
Путин эмне деген кундо да, сенин кандай экенинди эл жакшы билет!!! Кыргызстан тарыхында мындай апенди чалыш адам олко башына келген эмес.... Эл Акаев менен Бакиевди жаман деп журсо, эми сенин "фокустарынды" коргон эл Акаев, Бакиев жакшы экен эле деп баштады!!! Анткени сенин башкаруун тиги экоонукунон хуже и хуже (хуже некуда) болуп чыкты... Копчулуктун сени короорго козу калбады!!!
Билип кой Атамбаев,
Путин эмне деген кундо да, эл сени жек корот!