Мамкаттоо кызматы: "Шайлоодо үгүтчүлөргө паспорттогу маалыматтарды бербеш керек"

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин үгүтчүлөрүнө паспорттун көчүрмөсүн жана идентификациялык номерлерин бербеши керектигин эскертти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үгүт иштери башталгандан бери айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү шайлоочуларды ID паспортун биометрикалык паспортко алмаштырууга чакырып, болбосо шайлоого катыша албай калышарын айтышууда. Жарандар добуш берүүгө ID паспорт менен да, алмаштырылган жаңы паспорту менен да катыша алат.
"Азыр айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү жарандардын паспорт көчүрмөлөрүн алып, айрым учурда сүрөткө тартып, идентификациялык номурларын жазып алып шайлоодо ошол талапкерди колдоого чакырып жатышыптыр. Кээ бир учурда бул паспорттогу маалыматтар аркылуу жарандардын кимге добуш бергенин билсе болот деп шайлоочуларды коркутуу сыяктуу аракеттер да жүрүп жатыптыр. Бизге ушундай кайрылуулар түштү. Үгүтчүлөр бул паспорттогу маалыматтар менен эч нерсе кыла албайт. Болгону паспорттогу бул жарандардын жеке маалыматтары болгондуктан биз аны үгүтчүлөргө бербөөгө чакырып жатабыз", - деди мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов.
Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды катталган аймактык шайлоо комиссиясына барып же БШКнын расмий сайтынан, ошондой эле 119 номери аркылуу байланышып, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүнүн бар же жогун кечиктирбей текшерип алууга чакырууда.
Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Учурда ага катышууну каалаган 13 талапкер үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.










1 |