super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы V Азия оюндары: Футзал боюнча Кыргыз курама командасы кимдер менен беттешери белгилүү болду (оюндар жүгүртмөсү)

 

Түркмөнстанда өтүп жаткан Жабык имараттагы V Азия оюндарында футзал боюнча Кыргыз улуттук курама командасы эң биринчи беттешин Иордания курама командасы менен өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Чүчү кулак тартылган соң биздин курама команда "D" тайпасына туш келди. Бул тайпада Иордания, Иран жана Таити курама командалары бар. Өзүнүн биринчи оюнун биздин курама команда Иордания менен 18-сентябрда өткөрөт", - деп билдиришти мекемеден.

Белгилүү болгондой, 12 оюнчудан турган футзал боюнча улуттук курама команда, башкы машыктыруучу Амиржан Мукановдун жетекчилигинде кеткен.

Кыргыз курама командасынын оюндарынын жүгүртмөсү:

1-тур, 18-сентябрь

12:00 Иран — Таити

14:15 Кыргыз — Иордания

2-тур, 19-сентябрь

12:00 Кыргыз — Таити

14:15 Иордания — Иран

3-тур, 21-сентябрь

12:00 Кыргыз — Иран

14:15 Иордания — Таити






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.09.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз дебей жок дегенде Кыргыз Республикасы деп жазгылачы сураныч
17.09.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туз эфир болобу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: