super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Ариет Бекишов коло медалын жеңип, Кыргыз өлкөсүнө алгачкы медалды алып келди (фоторепортаж)

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдешке катышкан Ариет Бекишов Кыргыз капчыгына алгачкы медалын алып келди.

Ариет Бекишов мелдештин 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгачкы беттешинде таиланддык спортчуну жеңип, кийинки беттешинде ооганстандык мушкерге жеңилип калган. Жыйынтыгында Бекишов Азия оюндарынын коло медалына ээ болду.

Бул жыйынтык менен спортчу Кыргыз өлкөсүнүн пайдасына Азия оюндарында алгачкы медалды алып келди. Учурда Кыргыз өлкөсү 1 медаль менен жалпы медалдык эсепте 12-орунда жайгашууда. Жалпы эсепте аталган мелдешке Азиянын жана Океаниянын 62 өлкөсүнөн спортчулар катышып, медалдар үчүн ат салышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.09.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик ариет братан сен токтогулдун эле эмес жалпы кыргыз элинин сыймыгысын алга кыргызстан
17.09.2017. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
братан кече(8 SENTYABR )эле WEF globaldyn chempionduk kurun tagyndy ele
17.09.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Ариет!Сыйлыгын кут болсун!Кыргыз эли сыймыктанып турабыз!Алга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: