super.kg logo

"Гиннесстин рекорддор китебине" катталган дүйнөдөгү эң кары мышык өлдү

 

Дүйнөдөгү эң кары аталган Натмег аттуу мышык өлдү. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазат. Ал өлгүчөктү британиялык үй-бүлө Лиз менен Аян Финлинин үйүндө жашап келген. Ветеринарлар мышык ээсине анын тиштери ооруп, карылыгы жеткендиктен дем алуусу начарлап калганын айтышкан. "Гиннесстин рекорддор китебине" эң кары мышык катары кирген Натмег кечээ, 16-сентябрда өлгөн. Ал 32 жашта болчу.

Үй жаныбарларына баласындай караган европалыктар үчүн колго баккан жандыгын жоготуу үй-бүлө мүчөсүнөн айрылгандай эле кайгы алып келери бышык. "Качан биз аны ветеринардык клиникага алып бара жатканда анын дем алуусу начарлап калган. Ошондо эле биз менен кайра үйгө кайтпасын түшүндүк", - деп кайгырат кожойкеси Лиз. Клиникадан Натмегдин жүрөгү токтоп калган.

"Менин көкүрөгүмдөн бирөө жүрөгүмдү сууруп алгандай болуп жатат. Ал биздин кичинекей сүймөнчүгүбүз болчу. Биз эми башка мышык багып алалы деп ойлогон да жокпуз. Дагы бир жаныбардын өлүмүн көтөрө албайбыз", - деген мышыгы тууралуу 67 жаштагы Аян.

Натмег Финлинин үй-бүлөсүнө 1990-жылы келген. Анда ветеринарлар мышыктын 5 жашта экенин айтышкан. Жубайлар мышыкты 27 жыл бою тунец, каймак менен жана тооктун этин кууруп берип багышкан.

Кошумчалай кетсек, буга чейинки эң көп жашаган мышык катары "Гиннесстин рекорддор китебине" Скутер аттуу мышык 30 жылдык курак менен кирген. Ал АКШнын Техас штатында жашап, 2016-жылы 30га толгондо өлгөн. Натмег андан 2 жылга узак жашап, "Гиннесстин рекорддор китебинде" азырынча эң кары мышык катары калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
17.09.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арты кайрылуу болсун!
17.09.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Москвада бир Клара Каримовна деген казак кемпирдин 27ге чыкан лиза деген мышыгы бар болчу. Дагы деле бар уч жыл мурда 27ге чыкса азыр 30га чыгыптырда значить аны эч ким деле билбейт. 3жолу ичегесине операция жасатышкан почти 150миндей кетти дешкен. Ушуларга тан каламда
17.09.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Каарылар жаман кетитат кече ен кары адам дуйно салган еле
17.09.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Мяньмада 10000 ашык мусулган кырылып жатса эч ким жазбай бир мышык олсо бут СМИ улам улам жазып козунор карангылап калаптыр СМИ аттуулар башка соз жок
17.09.2017. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
muzibrat93 Мянманы калтырбай эле жазып жатпайбы.
17.09.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Хаха дагы бир мышыктын олумун которалышпас экен тооба
17.09.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ха ха ха ха жаңылык
17.09.2017. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карыган мышыктыкы той эле да эми...
17.09.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Oshentip 27 jyl myshyk bakkycha bala baksan karyganda oshol bala seni bagyp karait da, myshygy karachudai bolup.
Myshykka took balyk byshyryp bermek tursun,chyiki et berbebiz go.
Myshyk bakkym da kelbeit jaman korom myshykty
17.09.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондон коро бир балалуу болуп алганынарда мышыктын да кереги жок эле.
18.09.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аза куткуло эми.Кара кийип.Тооба кызык эле ушулар.
18.09.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карыганынан коз карашы башкача болуп калган экен а
23.09.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу мышыктын орточо жашы канча болот
06.10.2017. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ушуларга тан калам эмне учун мынчалык мышык менен итти кадырлашат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: