super.kg logo

Бишкекте шайлоого карата “Биз коркпойбуз!” аттуу флешмоб өтүүдө

 

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаарындагы жаштар аллеясында “Биз коркпойбуз!” аттуу флешмоб өтүүдө. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, активисттер Ренат Самудинов, Мавлян Аскарбеков, БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Гүлнара Журабаева, жарандык активист Рита Карасартова, партиялардын жаштар канатынын мүчөлөрү жана студенттер катышууда.

Самудинов шайлоо алдында административдик ресурс колдонулуп жатканын айтты.

“2005-жылы Аскар Акаевдин, 2010-жылы Курманбек Бакиевдин режимине элдин каршы чыгуусунун себеби таза шайлоо өткөрүү маселеси болчу. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө административдик ресурстун ар кандай ыкмалары колдонулуп жатканы байкалууда. Аудиожазуулар интернетке тарап кетти. Бул боюнча жаштар өзүбүздүн үнүбүздү жеткирүүнү туура көрдүк. Таза шайлооону күтөбүз. Бул флешмобдо бир жактуу бирөөгө үндөбөйбүз. Ар кайсы партиянын өкүлдөрү, активисттер катышууда. Баарыбыз бир гана таза шайлоо өтсүн деген ураан менен чыгып жатабыз”, - деди ал.

КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөн Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын мугалимин, ректорду жоопко тартуу талабы коюлуп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, өткөн аптада Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын мугалими талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөп, каршы добуш бергендер окуудан айдалат деп коркутканы жазылган аудио интернетке тараган. Ал аудиожазуудан былтыр башка талапкерге добуш берген 4 студент аныкталып, алардын окуудан айдалганы жатканын, ошондой эле студенттерден кимге добуш бергени жатышканын сурап Өмүрбек Бабановго добуш берем деген студентти бөлмөдөн чыгарып салганын угууга болот. Бул боюнча 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова да айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.09.2017. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматтар, силердей кыргыздын жаштары көбөйүп демилгеңер бүт республикага жайыла берсин!
17.09.2017. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура коркпош керек. Утурумдук жашооңду эмес келечегиңи танда. Аксия уюштурган адамдарга рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: