super.kg logo

“Биз коркпойбуз!” аталышындагы акцияда активисттер студенттерди өзү каалаган талапкерге добуш берүүдөн коркпоого чакырышты

 

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаарында өтүп жаткан "Биз коркпойбуз!” акциясында активисттер студенттерди өзү каалаган талапкерге добуш берүүдөн коркпоого чакырышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жаштар административдик ресурсту пайдаланууга каршы чыгып жатканына кубанганын айтты.

"Аймактар административдик ресурсту пайдаланууга каршылыгын билдирип жатышат. Мыйзам боюнча мажбурлап добуш бердирүү кылмыш болуп эсептелет. Мындай кадамга баргандар 80 миң сомго чейин айып пул төлөшөт. Президенттик шайлоодо элдин тагдыры чечилет. Ошон үчүн жаштар шайлоо маанилүү экенин билиши керек. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында болгон окуя мыйзамсыз. Бүгүндөн баштап ошол мугалимди жумуштан кетирип, жоопко тартылышын талап кылабыз. Бийлик таза шайлоо өткөрөм дегенден кийин сөзүнө турсун. Бир студенттин бир тал чачы түшө турган болсо жоопкерчиликке тартабыз. Силердин укугуңарды коргоп, ишенимдүү тирек болгонго даярбыз”, - деди ал.

"Жаңы муун" кыймылынын лидери Мавлян Аскарбеков үгүт иштери башталгандан тартып административдик ресурс колдонулуп жатканын көргөнүн билдирди.

"Административдик ресурс колдонулуп жаткан видеолорду көрүп жатабыз. Бул шайлоо ыплас, кир өтө турганын айгинелеп турат. Биз, жаштар мындай шайлоодон тажап бүттүк. Бүгүн дем алыш күнгө карабай флешмобго катышып жатабыз. Биздин жаштардын келечегине балта чаап жаткан, мыйзамды одоно бузуп жаткан мугалим тез арада жумуштан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылабыз”, - дейт Аскарбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова: "БШК кандай нааразычылык болуп жатканын билип жөнгө салышыбыз керек. Студенттер менен сүйлөшүү үчүн келгем. Кийинки жумадан баштап жогорку окуу жайларга барып студенттер менен жолугуп укуктары тууралуу түшүндүрүп беребиз. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында болгон шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө коркунуч туудурган көрүнүш . БШК бул маселе боюнча карап чыгат. Ага чейин ректор, мугалим жумуштан бошотулуп, кылмыш иши козголушу керек болчу. Ар бир жаран өзү каалаган талапкерге добуш бериши керек", - деди.

Эске салсак, өткөн жумада Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын мугалими президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөп, каршы добуш бергендер окуудан айдалат деп коркуткан аудио интернетке тараган. Ал аудиожазуудан былтыр башка талапкерге добуш берген 4 студент аныкталып, алардын окуудан айдалганы жатканын, ошондой эле студенттерден кимге добуш бергени жатышканын такып сурап Өмүрбек Бабановго ("Республика-Ата Журт") добуш берем деген студентти бөлмөдөн чыгарып салганын угууга болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
17.09.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматсынар
17.09.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Келечекте көптү үмүттөндүргөн Жаштар өзгөчө Акаевге ишенем!
17.09.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин дообуштарды уже........!!!!
17.09.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азаматтар, демилгеңер бүт республикага жайыла берсин!
17.09.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Анан кимди шайлаган атасынар?
17.09.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молодцы
17.09.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыңар мен силерге 100% кошулам. Айланайын кыргыз элим. Бүтүндөй келечегибизди балдарыбыздын келечегин арзыбаган акчага сатпайлычы, коркутса жаныбызды ала алышпайт коркпойлучу. Жүрөгүңүздөр кимди тандаса ошого добуш бериңиздер коркпой этбей.
18.09.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар алга Кыргыз элим алга. Болунбой куч бололу биримдикте ынтымактуу олко бололуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: