super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Нарын шаарынын 145 жылдыгына арналган конференция болуп өттү

 
Конференциянын жүрүшү
Конференциянын жүрүшү

25-майда Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театрда Нарын шаарынын 145 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы билдирет. Илимий конференция "Азыркы коомдун актуалдуу маселелери: экономика, саясат, илим жана билим берүү" деген темада болду. Келген конокторго Нарын шаарынын тарыхы жөнүндө документалдуу тасма көрсөтүлүп, андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын шаарынын негизделишине зор салым кошкон улуу тарыхый инсандар Турдуке баатыр менен Карымшак хандын эмгектери да айтылды. Бир катар белгилүү тарыхчылар да аталган теманын алкагында ойлорун ортого салышты. Эскерте кетсек, 2013-жылдын сентябрь айында Нарын шаарынын 145 жылдыгы, Турдуке баатыр менен Карымшак хандын 200 жылдыгы белгиленмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: