Чет элдик президенттер Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттукташты
Бүгүн, 17-сентябрь президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Буга карата чет элдик президенттер Атамбаевге куттуктоо телеграммасын жөнөтүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алгачкылардан болуп Атамбаевди Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктады. Ал Орусия анын стратегиялык шериктештигинин жана эки өлкөнүн биримдигинин бекемдешине салым кошконун жогору баалай турганын белгилеген.
Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев алардын өлкөсүндө Атамбаевди тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер, акылдуу жана таланттуу саясатчы, адилеттүү, таза жетекчи катары сыйлай турганын билдирди.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин айтымында, Алмазбек Атамбаевдин кесипкөйлүгү, жашоодогу бай тажрыйбасы Кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө салымын кошот. Ал Кыргыз президентине чың ден соолук, ийгилик жана өлкөнүн өркүндөөсүнө тилектеш экенин белгиледи.
Беларусь президенти Александр Лукашенко Атамбаевдин жетекчилиги менен Кыргыз өлкөсү мамлекеттүүлүктү бекемдеп алдыга жылып жатканын айтты. Анын айтымында, Кыргыз жана Беларусь өлкөлөрүнүн мамилеси элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берет. Ал Атамбаевдин өзүнө жана жакындарына чың ден соолук, бакыт каалады.

Ал эми Ош окуясычы?!! Бул Ош коогаланынын келип чыгышына Атамбаев, Текебаев, Кадыржан Батыров жана Отунбаева куноолуу!!!
Акыркы 7 жылдагы чек ара жанжалдарын, алардын санын, анда олгондор санын эсте!!! Ошондо сен кайсы тынчтыкты айтып жатасын?!!
Атамбаевке тиешеси жок !ошо 7 апрелдегилерди
Бакиев аттырды го
ХХХХ