super.kg logo

Японияга жакындап келген "Талим" бороонунан 1 адам каза болуп, 35 адам жабыркады

 

Японияга кирип келген "Талим" тайфунунун алгачкы кесепеттери байкалууда. Секундасына 40 метр ылдамдыкта келе жаткан бороондон улам 1 адам каза болуп, 35тей киши жаракат алганын чет элдик маалымат булактары жазышууда. NHK телеканалы билдиргендей 3 адам дайынсыз жок болуп жатат.

"Талим" бороонунун эң алгачкы толкунуна кабылган аймактар Кюсю жана Сикоку аралдары болду. Аталган аралдардын аймагында катуу жааган жамгырдан жер көчүп, бир нече үй сууга толуп калды.

Ошондой эле бороондон улам транспорт байланыштары үзүлдү. Дүйшөмбүгө карата жергиликтүү 262 авиакаттам үзгүлтүккө учураган. Ал эми темир жол каттамдары белгилүү жүгүртмө менен адам ташууда.

Азыр "Талим" бороону Япон деңизинде кармалууда. Адистер бороонду Япониянын түндүк аралдары Хоккайдого багыт алып бара жатканын билдиришти. Ошондой эле учурдагы бороондун ылдамдыгы секундасына 30 метрди түзүп жатканын маалымат булактарына кабарлашкан. Түндүк тарапка секундасына 40 метр ылдамдыкта жылып жатканы болжолдонууда. Ал эми Хоккайдонун жергиликтүү бийлиги кооптуу аймактардагы жашоочуларды көчүрүү маселесин кароодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.09.2017. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озун боодо кырсыктан сактай кор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: