super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Облус боюнча быйыл 3398 мектеп бүтүрүүчүсү бар

 

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда быйыл 846 мектеп бүтүрүүчүсү бар экенин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет. Облус башчысы Канатбек Муратбеков 25-май күнү Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева, Ш.Рысмендеев атындагы жана башка орто мектептерде болуп, бүтүрүүчүлөрдү майрамдары менен куттуктоо менен быйылкы предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуларга Ардак грамота менен 4000 сомдон акчалай сыйлык тапшырды. Бүтүрүүчүлөрдү, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана мыкты окутуучуларды сыйлоо үчүн облустук администрациядан 55000 сом акча бөлүнгөн. Эске сала кетсек, Нарын облусу боюнча быйыл 56026 окуучу болсо, анын ичинен 11-класстын бүтүрүүчүлөрү - 3398. Ал эми 9-классты аяктап жаткан 4907 окуучу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: