super.kg logo
  Саясат  

Донбасска тынчтык орнотуучулар миссиясын киргизүү темасы БУУнун Коопсуздук кеӊешинде талкууланат

 

Донбасска тынчтык орнотуучулар миссиясын киргизүү темасы БУУнун Коопсуздук кеӊешинде, уюмдун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясынын алкагында талкууланат. Бул тууралуу 17-сентябрда Орусиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензяга (сүрөттө) шилтеме берип орусиялык ММКлар жазышты.

Небензянын айтымында, АКШ менен Украина тынчтык орнотуучулар миссиясы жөнүндө резолюциянын тексти боюнча иштөөгө даяр эместиктерин билдиришкен. Украина альтернативдүү документ сунушташы мүмкүн.

"Бул долбоор Коопсуздук кеӊешинин алкагында талкууланды, ага өнөктөштөр тараптан реакция жасалды. Биз долбоордун тексти боюнча иштөөнү сунуштадык, бирок АКШ менен Украинанын делегациялары буга даяр эместигин айтышты. Алардын эскертүүлөрү болот, Украина бул жаатта башка документ сунушташы ыктымал", - дейт Небензя.

2017-жылдын 5-сентябрында президент Владимир Путиндин жарлыгына ылайык, БУУнун Коопсуздук кеӊешине тынчтык орнотуучулар жөнүндө резолюция киргизилген. Анда Украинанын аскердик күчтөрү менен Донецк жана Луганскты (Донбасс аймагы) өз алдынча республика деп жарыялап, аны коргоп жаткандардын ортосуна БУУнун тынчтык орнотуучулар миссиясын жайгаштыруу жөнүндө айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: