super.kg logo

MegaCom төлөм терминалдары: Балансты комиссиясыз толукта!

 

Алдынкы уюлдук оператордун фирмалык түстөрүндөгү көчөлөргө коюлуучу төлөм терминалдары борбор калаабыздын эл көп чогула турган жайларына орнотула баштады. Маселен, Москва-Абдрахманов (Моссовет) көчөлөрүнүн кесилишинде. Бул терминалдардын жардамы менен абоненттер MegaCom байланыш кызматтары үчүн балансын комиссиясыз толуктай алышат.

Буга чейин кыргызстандыктар мындай төлөм терминалдары менен ири соода борборлорунун, дүкөндөрдүн, кинотеатрлардын, дарыканалардын, мейманканалардын ичинен гана колдоно алышса, эми коммуналдык жана башка төлөмдөрдү көчөлөрдө жайгаштырылган терминалдар аркылуу жүргүзө алышат. Эң ыңгайлуулугу, көчө терминалдарынан 24 саат бою колдонууга болот.

MegaCom төлөм терминалдары – жарандарыбыздын универсалдуу жардамчылары. Айтмакчы, бул аппараттар аркылуу ИИМ тарабынан бериле турган соттолбогондук жөнүндө маалымкат үчүн төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жаралды. Албетте, мындай ыңгайлуулук абоненттердин убактысын үнөмдөйт. Ушул эле дейсизби, мындан тышкары Патрулдук милициянын айып пулдарын, мүлк салыктарын жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө да мүмкүнчүлүк бар.

Кыргызстандыктар MegaCom терминалы аркылуу Орусия, Казакстан жана башка КМШ өлкөлөрүнүн уюлдук операторлорунун абоненттеринин балансын да толуктай алышат. Эгерде сиз чет мамлекетке сапарга чыгууну кааласаңыз же жакындарыңыз чет мамлекетте жашаса же иштесе, анда бул опция сиз үчүн эң керектүү болору анык.

MegaCom компаниясы Бишкекте жана Чүй облусунда 100 төлөм терминалын орнотту. Жакын арада мындай көрктүү терминалдар Кыргызстандын бардык ири шаарларында пайда болот.

Балансты комиссиясыз толуктоо түйүндөрүнүн даректери компаниянын расмий сайтында.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: