Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча мелдештин финалына өтүштү. Эми алар медалдар үчүн ат салышат

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз спортчулары жеңил атлетика боюнча мелдешке катышып финалга өттү.
Аталган мелдеште Кыргыз жөө күлүк Арина Клещукова жана Гүлшанай Сатарова 800 метр аралыктагы жарышка катышып өз тобунда 2-орундарга ээ болуп финалда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алышты. Ошентип Арина Клещукова өз тобунда 2 мүнөт 14.10 секунд жыйынтыгы менен 2-болуп келген, ал эми Гүлшанай Сатарова 2 мүнөт 16.37 секунд жыйынтыгы менен 2-болгон.
Ошондой эле эркектер арасындагы мелдеште Мусулман Жоламанов 1 мүнөт 55.12 секунд жыйынтыгы менен финишке 2-орунда келген. Бул жыйынтык Жоламановго чейрек финалга өткөнгө мүмкүнчүлүк берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.