super.kg logo

“Альянс Алтын” компаниясы, “Бакубат Талас” фондусу калкты таза суу менен камсыздоону колго алды

 

“Бакубат Талас” фондусунун байкоочу кеңешинин чечимине ылайык, Талас облусунун бир катар райондорунда калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында курулуш иштери жасалууда.

Ушул жылдын башында Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь, Маданият, Үрмарал, Көк-Таш жана Таш-Кудук айылдарынын тургундары айылдыктарды таза суу менен камсыз кылуу системин реконструкциялоо жагынан колдоо көрсөтүүнү суранышып “Бакубат Талас” фондусуна кайрылышкан. 5 миңден ашык калк жашаган бул айылдардын тургундарынын айтуусунда союз тарагандан бери айылдардагы куурлардын түтүктөрү эскирип, суу топтоочу станциядагы жабдыктар улам-улам керектен чыгып таза суу маселеси негизги көйгөйгө айланган. Ушундан улам айыл жашоочулары “Альянс Алтын” компаниясына, “Бакубат Талас” фондусуна кайрылууга аргасыз болушкан.

Айыл жашоочуларынын бул көйгөйүн чечүүгө колдоо көрсөтүү максатында ушул жылдын март айында “Бакубат Талас” фондусунун байкоочу кеңешинин чечимине ылайык 696 000 сом каражат бөлүнгөн. Бул акчага атайын курулуш иштери үчүн бардык керектүү материалдар сатып алынып, максаттуу жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин жыйынтыгында 15-сентябрь күнү аталган айылдарга капиталдык ремонттон өткөрүлгөн суу топтоочу станциядан таза суу берилди.

Салтанаттуу иш-чарага “Альянс Алтын” компаниясынын башкы директорунун орун басары К.Мусаев, коопсуздук башкармалыгынын башчысы А.Дүйшеев, Акназаров айыл аймагынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты. Аткарылган иштин жыйынтыгына ыраазы болушкан жергиликтүү тургундар айыл көйгөйүн көңүл сыртында калтырбай колдоого алып, тез арада элдин саламаттыгына камкордук кылган “Альянс Алтын” компаниясына, “Бакубат Талас” фондусуна ыраазычылык билдиришти.

“Бакубат Талас” фондусунун Байкоочу кеңеши тарабынан ушундай эле таза суу көйгөйү бар Талас районундагы Өмүралиев айыл аймагына караштуу Чат Базар айылынын тургундарынын кайрылуусу колдоого алынып, 25-августта 455 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Учурда аталган аймакта курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Октябрь айынын биринчи жарымында долбоорду аягына чыгарып, элге таза суу жеткирүү пландалууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.09.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар СДПКа эмеспи?!Бабанов мурун ушул ишти карап койсо болмок экен.
Azatbek83 түзөттү 2017-09-19 12:33:54
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: