Адахан Мадумаров: "Мени президенттикке талапкер болуудан баш тартты деген сөз жалган"
Интернет желесине Адахан Мадумаров президенттикке талапкер болуу арызын кайтарып алды деген маалымат тарады. 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы маалыматты тастыктаган жок.
Ал эми Мадумаров өзү SUPER.KG'ге маалымат жалган экенин ырастап, талапкер болуудан баш тартпаганын айтты.
Белгилүү болгондой, Мадумаров 16-сентябрда Өзгөндө талапкер Өмүрбек Бабановдун эл менен жолугушуусуна Бабанов менен чогуу катышып, элди татыктуу талапкерди колдоого чакырган.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
20

