super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко UFC уюмунда салмак категориясын өзгөртүү чечимин көздөп жатат

 

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан спортчу Валентина Шевченко эрежесиз уруштун эң беделдүү мелдеши - UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн беттеште Аманда Нуньестен жеңилүү ызасын тарткан соң бөлөк салмак категорияга өтүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу Валентина Шевченко чет өлкөлүк маалымат каражаттарга билдирген.

Анын айтымында ал атаандаштары менен бирдей абалда болуш үчүн төмөнкү салмак категориясына өтүүнү карап жатат. "Учурда мен 125 фунтка (57 килограмм) чейинки салмак категорияга өтүү чечимин көздөп жатам жана менин кийинки беттешим ушул салмакта өтөт болушу керек деп ойлойм. 57 килограмм менин чыныгы салмак категориям, төмөнкү категорияда мен бардык күч жана ыкмаларымды толугу менен колдоно аларыма ишенем, анткени менин атаандаштарым мени менен бир өлчөмдө болушат", - деген мушкер. Эскерте кетсек, Шевченко буга чейин 61 килограммдык салмак категориясында беттешке чыгып келген.

Мындан тышкары Валентина Шевченко Нуньес менен реванштык беттеш тууралуу ойлору күчүндө экенин айтты. "Албетте, менин Аманда менен күрөшүүнү токтотуу жөнүндө оюмда жок. Кийинки жолкусунда мен ага ушундай жол менен утушуна мүмкүнчүлүк бербейм. Сөзсүз мен реваншты жеңишим керек. Бирок азыр эмес, жакынкы убакыттарда андай болбойт", - деп кошумчалады Шевченко.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.09.2017. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Перуанка с русскими корнями дейт маалымат булактарында. Жоок бул кыргыз жеринен чыккан деп тентайлаша айта турган чондор барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: