Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы 13 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы пара алуу кылмышы боюнча айыпталып кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, айыл өкмөт башчысы өзү иштеген мекемедеги жарандардын биринен маселени оң жагына чечип берүү үчүн 13 миң сом талап кылган жана кызматтан бошотуу тууралуу айтып коркуткан. Кылмышка шектүү жаран 22-май күнү аталган суммадагы параны алып жаткан жеринен Ош облустук ИИБи тарабынан колго түштү. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.