super.kg logo

Эдил Байсалов "Liglass" боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

 

Бишкекте бүгүн, 18-сентябрда активист Эдил Байсалов маалымат жыйын берүүдө. Тема - Кыргызга ГЭС курарын билдирген "Liglass" компаниясынын тегерегиндеги кырдаал.

Байсалов "Liglass" деген шылуун компанияны өлкөгө алып келгени үчүн президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун саясий жоопкерчилигин кароо зарылдыгын айтат.

"Бул иште негизги жоопкерчилик Кыргыз тарапта. Жооптуу кызматкерлерибиз менен жетекчилерибиздин жоопкерчилигин сөзсүз талап кылышыбыз керек. Дүйшөнбек Зилалиев бул иште эч ким эмес. Шылуундарды Кыргыздын төрүнө чыгаруу анын колунан келмек эмес. "Liglass" компаниясын өлкөгө Зилалиев алып келип, президенттерге кол койдурган жок да", - дейт Байсалов.

Бул окуяны Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы иликтеши керектигин кошумчалады.

Эртең, 19-сентябрда "Liglass" компаниясы убада кылган 37 миллион долларды Кыргызга которуу мөөнөтү бүтөт. Бишкекте бүгүн аталган компаниянын жетекчилиги маалымат жыйын берип, Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүгө келгенин айтышты. Бирок 37 миллион доллар качан которуларын айта алышкан жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
18.09.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин сунушум. Кыргызстанда канча район болсо, ошончо депутат калтырыш керек. Ар бир депутатты бирден райондого жоопкерчиликтүү кылып иштетиш керек.

Эми эсепиеп көрөлү 120 жепжутаттын айлыгы. Алардын машинасынын майы, чыгымдары. Жардамчылары, шоопурларынын айлыктары. Командировкалары. Айта берсек сан жетпейт.
Бирок пайдасы жок самсалап жүргөнү канча. Бизге таза иштей турган 20-30 депутат керек, калгандарын жоготуш керек. Жетишет 120 гисар койлорду бакканыбыз. Өзгөрүү мезгили
18.09.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башкаруучуларды азайтып, иштей тургандарды көбөйтүш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: