super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз балбандар 3 коло медаль жеңип алышты

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында түркмөн күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз спортчулар 3 коло медаль багындырышты.

Кененбек Шамидин уулу 75 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгач пакистандык Мухаммед Бутту жеңип, андан соң индиялык Венузо Давхуону жеңип жарым финалга жолдомо алган. Жарым финалда Кыргыз балбаны түркмөн спортчусу Режепгелди Гүлүчниязовго туш келген. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз спортчу 0:4 эсебинде жеңилип, коло медалга ээ болгон.

Назира Арзыбекова 70 килограммдан жогору салмак ченинде катышып, алгачкы беттеште индонезиялык Ридха Ридвандын үстүнөн жеңишке жеткен. Жарым финалда Кыргыз балбан түркмөнстандык Жахан Мухаммедовага туш келип 2:0 эсебинде жеңилип калган. Бул жыйынтык менен Назира Арзыбекова Азия оюндарынын коло медалынын ээси болду.

Уулкан Алибай кызы 63 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, башында ирандык Сахар Ганизадегарага туш келген. Анда Кыргыз балбан бардык күчүн жумшап 4:1 эсебинде жеңишке жеткен. Жарым финалда Алибай кызы өзбекстандык Делафруз Маможоновага туш келген. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз балбан 0:4 эсебинде жеңилип коло медалына ээ болгон.

Бул жыйынтык менен Кыргыз өлкөсүнүн капчыгы 3 медаль менен топтолуп жалпы 4 медаль болду. Учурда Кыргыз өлкөсү 4 коло медаль менен жалпы медалдык эсепте 9-орунга көтөрүлдү. Жалпы эсепте аталган мелдешке Азиянын жана Океаниянын 62 өлкөсүнөн спортчулар катышып, медалдар үчүн ат салышууда.

Буга чейин жиу-житсу боюнча мелдешке катышкан Ариет Бекишов Кыргыз капчыгына алгачкы медалын алып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: