super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Эркек башым менен сүйгөнүмө жолугуу үчүн атайын даярдык көрөм"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйгөнүңүз менен жолугарда кандай даярдык көрөсүз?" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Эркек болсоң эптеп маймылдан бир аз эле айырмаланып барсаң болот да, ээ? Жогорудагыларга кошулам. Даярданбай эле кандай болсоң ошондой бара бериш керек. Эгер ошол сүйгөнүңө жетем деген ниетиң болсо, анда өмүр бою даярданып жүрүп өтүүңө туура келет. Ал да сени сүйсө, даярданганыңа карабай эле сүйөт".

"Көпчүлүгү жасанбайм, даярданбайм деп калп айтыптыр, баары эле жасанышат. Эгер кызың жасанбай келсе жиниң келет да. "Өзүн жакшы карай албаган кыз кийин мени кандай карайт" деп таштап кетишиң мүмкүн. Аял алгандан кийин жакаң агарып жүрүшү керек да".

"А мен кичине болсо да өзүмдү күзгүгө карап алып анан сүйүктүү, назик, жыттуу атырымдан азыраак сээп, бир жылмайып алып анан бармакмын. Сүйгөнүм мени дайыма татынакай, маанайым жарык түрүмдө көрүшүн каалайм".

"Сүйгөнүмө жасанбасам анан ким үчүн жасанмак элем. Ооба, жолугушууга бара жатканда бир саат күзгүнүн алдында даярданам. Кандай болсом ошондой сүйсүн деген болбойт го. Өзүңдү карап, татынакай, сулуу болуп барыш керек. Себеби сүйгөнүңө кичине болсо да кайдыгер эместигиңден кабар берет".

"Эркек башым менен мен да жолугушуу үчүн атайын даярдык көрөм. Жолугушууга даярданганым азап, ар бирин бирден кийип көрүп жатып эле шкафым кандай чачылганын байкабай калам. Анан чачылган бойдон калат. Кечиктим демиш болуп шашып кетип калам. Анан байкуш карындашым баарын бүктөп тизип, илип чыгат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
18.09.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйуктуулор бири-бирине жасанып туруш керек.Аялы куйоосу учун,куйоосу аялы учун.Таза,жакшынакай болуп турушса озулоруно эле жакшы да.
18.09.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эсимде бутумду оло жуугам
19.09.2017. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
zhykyo,Бутун жыттанчу беле)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: