super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Абдурахманхажи Муртазалиев жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медаль үчүн таймашат

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарынын жиу-житсу боюнча мелдешинде Абдурахманхажи Муртазалиев финалга өттү, эми ал алтын медалын жеңгенге аракет кылат.

Абдурахманхажи Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жарым чейрек финалда казакстандык Андрей Гаврилюкту жеңген. Андан соң чейрек финалда иорданиялык Хайдар аль Рашедди утуп алгандан кийин жарым финалда түркмөнстандык Мерген Жораевдин үстүнөн да жеңишке жеткен. Эми финалда БАЭ өлкөсүнүн спортчусу Халфан Балхол менен беттешет.

Ошондой эле Нуркалый Мирланов 69 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Ал алгачкы беттешинде таиланддык спортчуну 20:2 эсебинде жеңип, жарым чейрек финалда ирандык балбандын үстүнөн да жеңишке жеткени менен, чейрек финалда БАЭ өлкөсүнүн спортчусуна жеңилип калган. Көңүл жубатуучу беттеште Кыргыз спортчу вьетнамдык Тронг Лини жеңип коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Анда Нуркалый Мирланов таиланддык Банпот Лертхайсонг менен күч сынашат.

Эске салсак, буга чейин жиу-житсу боюнча мелдешке катышкан Ариет Бекишов Кыргыз капчыгына алгачкы медалды алып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: