super.kg logo
  Спорт  

Англиялык футболчу Уэйн Руни мас абалында унаа башкарганы үчүн 2 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды

 

Англиянын "Эвертон" футболдук клубунун чабуулчусу Уэйн Руни мас абалында унаа айдаганы үчүн 2 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып 100 сааттык коомдук жумуштарга тартылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Уэйн Руни 31-августта кечки тамактан кийин үйүнө бараткан соң полиция кызматкерлерине кармалган. Руни бүгүн, 18-сентябрда мас абалында унаа башкарганын соттук ишинде моюнуна алган. Ал 100 сааттык коомдук жумуштарга тартылып, 2 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылган жана ошондой эле ага 170 фунт стерлинг айып салынган. Буга чейин "Эвертон" футболдук клубу Уэйн Руниге 350 миң фунт стерлинг айып салган.

Эске салсак, футболчу 2017-жылдын жайкы транферлер убагында "Манчестер Юнайтед" клубунан "Эвертон" клубуна кайткан. Ал буга чейин "Эвертон" клубунда тарбияланган. 2002-жылы "Эвертон" клубунун негизги курамына кошулуп 67 беттеште 15 гол киргизген. 2004-жылы "Манчестер Юнайтед" клубу 25,6 миллион фунтка сатып алган. "МЮнун" курамында Руни 393 беттешке катышып 183 гол киргизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
18.09.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буларга жараша берет эмне кылышсада.
18.09.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мыйзам ушундай иштеш керек,баарына бирдей.Бизде мас болмоктур,столбаны сузсо да:ырчы,футболист,депутат,министр болсон кутуласын.Ошого онукпойбуз да,онуксок да ото жай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: