super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Сапар Исаков чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алды

 

Бүгүн, 18-сентябрда өкмөттүн кеңешмесинде премьер-министр Сапар Исаков чехиялык "Liglass" компаниясы менен келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Буга чейин чех компаниясы 37 миллион долларды төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча Кыргыз өкмөтүнө кат жолдогон эле.

Өкмөт башчы айткандай, аталган компания биринчи милдетин аткарган жок. Алардан которулган күрөө катары 1 миллион 147 миң доллар Кыргыз мамлекетинин пайдасында калат. Сапар Исаков өлкө убакыттан уттурганын кошумчалап, кайрадан тендер жарыялана турганын билдирди.

SUPER.KG порталы өздүк булактарына таянып, бүгүн эртең менен Кыргыз өкмөтү менен ГЭСтерди кура турган чехиялык "Liglass" компаниясынын келишими бузулушу мүмкүн экендигин билдирген эле.

Эске салсак, 10-июлда өлкөгө ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Ал эми Энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети 13-сентябрда "Liglass" акчаны 19-сентябрга чейин которсо болот деп билдирген.

Келишим түзүлгөндөн кийин ЖМКлар чехиялык "Liglass" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: