Жабык имараттагы Азия оюндары: Абдурахманхажи Муртазалиев алтын медалды багындырды




Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеште Абдурахманхажи Муртазалиев Кыргыз капчыгына алгачкы алтын медалды алып келди.
Абдурахманхажи Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Халфан Балхолго туш келген. Кызуу беттеште Кыргыз спортчусу атаандашына караганда көбүрөөк упай топтоп жеңишке жетти. Бул жеңиш менен Абдурахманхажи Муртазалиев Азия оюндарынын алтын медалын камсыздап, Кыргыз капчыгына алгачкы алтын медалды алып келди.
Эске салсак, буга чейин жиу-житсу боюнча мелдешке катышкан Ариет Бекишов Кыргыз капчыгына алгачкы медалды алып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Эрте менен ушундай жакшы жаңылык окуган жакшы.