super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз спортчулары түркмөн күрөш боюнча 3 күмүш медаль жеңип алышты

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында түркмөн күрөшү боюнча мелдеште Кыргыз капчыгы 3 күмүш медаль менен толукталды.

Эсенбек Кудайбердиев 82 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгачкы беттеште түркмөнстандык Тойлумурат Аязовду жеңип, чейрек финалда казакстандык Айдос Кулманбетовду жеңсе, жарым финалда ооганстандык Саед Гулду жеңип финалга өткөн. Финалдык баскычта Эсенбек Кудайбердиев түркмөнстандык Ханмухаммед Патдыевге туш келген. Кызуу беттештин жыйынтыгында Кыргыз балбан 0:3 эсебинде жеңилип калды. Бул жыйынтык менен Кыргыз спортчу күмүш медалын тагынды.

Назира Марсбек кызы 58 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн. Алгач пакистандык Амбрен Масинди жеңип, жарым финалда ирандык Рейханех Шейкхиандын үстүнөн жеңишке жетип финалга өткөн. Финалда Марсбек кызы түркмөнстандык Зухра Мадраимова менен күрөштө жеңилип калып, күмүш медалга ээ болгон.

Мээрим Жуманазарова 70 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, биринчи беттешинде Бенииш Ханды жеңип алган. Жарым финалда түркмөнстандык Рано Узакорага туш келип 4:0 эсеби менен жеңип финалга жолдомо алган. Финалда түркмөнстандык Насиба Суркуева менен күрөшүп 3:0 эсебинде жеңилип калган. Муну менен Мээрим Жуманазарова күмүш медалын тагынып Кыргыздын пайдасына 3-күмүш медалын алып келди.

Эске салсак, буга чейин түркмөн күрөш боюнча мелдеште Кененбек Шамидин уулу, Назира Арзыбекова жана Уулкан Алибай кызы коло медалдарын жеңген. Ал эми жиу-житсу боюнча мелдеште Ариет Бекишов коло медалын жеңсе, Абдурахманхажи Муртазалиев алтын медалын багындырган.

Бул жыйынтык менен Кыргыз өлкөсүнө 1 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль буюруп, жалпы медалдык эсепте 9-орунда жайгашты. Аталган мелдешке Азиянын жана Океаниянын 62 өлкөсүнөн спортчулар катышып, медалдар үчүн ат салышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.09.2017. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга кыргызым алга!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: