БШК: "Юридикалык академиянын мугалими Жээнбековду шайлоого үгүттөп жатат деп айтылган аудиоматериалдар прокуратурага өткөрүлүп берилет"
Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын мугалими КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго үгүттөп, каршы добуш бергендер окуудан айдалат деп коркуткан аудио материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилет. Аудиожазуунун жогоруда аталган окуу жайдын ректору монтаж деп атады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бегматов: "Окуя боюнча укуктук баа берүү үчүн окуу жайдын өкүлдөрү БШКга чакырылды. Атайын комиссиянын чечими менен материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилет. КМЮАнын жетекчилиги жөн гана куратордук сабактар болуп жатканын айтууда. Негизи мугалимдер муниципалдык кызматкер болбогондуктан үгүт иштерин жүргүзө алышат. Бирок жумуш учурунда эмес жана коркутуулар болбошу керек", - деди.
Айта кетсек, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова бул окуя тууралуу айткан. Андан соң аудиожазуу интернетке тарап коомчулукта зор талкуу жараткан. Мындай көрүнүштөргө каршы 17-сентябрда "Биз коркпойбуз!" аталышындагы акция өткөрүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, коомдук активисттер жана студенттер катышкан.










1 |