super.kg logo

Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту мамлекеттик айыптоочулар камсыздаган күбөлөр келбегендиктен башка күнгө жылды

 

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту 25-сентябрга саат 14:00гө жылдырылды. Мамлекеттик айыптоочу өздөрү камсыздаган күбөлөрдүн келбегенине байланыштуу сот жылдырылганын айтты.

УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. Шыкмаматов муну "саясий кысым" деп келет. Эскерте кетсек, аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган.

Эскерте кетсек, аталган соттук отурумдун төрагасы Айбек Эрнис уулу буга чейин эмгек өргүүсүндө болгондугуна байланыштуу отурум ал жумушка чыккандан кийин уланмак. Жалпыга маалым болгондой, ал Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун дагы соттук процессинин 1-инстанциясына төрагалык кылып, соттолуучуларга өз чечимин чыгарган. Мындан соң Эрнис уулу эмгек өргүүсүнө чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: