super.kg logo

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланууда

 

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш иши боюнча сот отуруму уланууда. Учурда кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат. Соттук коллегиянын төрагасы Текебаевдин өтүнүчү менен Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 13-майындагы чыгарган декреттерин окуп берүүдө.

Буга чейинки отурумда Өмүрбек Абдрахманов, Леонид Маевский жана Алексей Модиндин көрсөтмөлөрү окулган. Бирок айыпталуучулардын жактоочулары алардын берген көрсөтмөсүндө дал келбеген жагдайлар бар экенин айтышкан. Сот мындай дал келбөөчүлүктөр тууралуу жарыш сөздө айтыларын билдирген.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу чечим кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун чечимине макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: