Нарында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
26-май күнү, саат 11:34 чамасында Нарында күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Ат-Башы районундагы Казыбек айылынан батышты көздөй 30 чакырым, Ат-Башы районунан түштүк-батышты көздөй 55 чакырым жана Нарын шаарынан түштүк-батышты көздөй 80 чакырым алыстыктан орун алган. Белгилүү болгондой, кырсыктан жабыр тарткандар жана кыйраган турак жайлар катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.