super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-СЕНТЯБРЬ: "Style Mix” тобунун ырчысы Адилет Эркинбек уулу туулган күнү досторунун өзгөчө куттуктоосу менен башталганын айтты

 

Бүгүн, 19-сентябрда "Style Mix” тобунун ырчысы Адилет Эркинбек уулу 25 жашка толду. Ырчы SUPER.KG порталына туулган күнү кызыктуу башталганын жана азыркыга чейин куттуктап келген коноктордун аягы сууй электигин айтып берди.

"Туулган күнүм түнкү 12де башталган. Апам экөөбүз бир күндө төрөлгөндүктөн алгач бири-бирибизди куттуктадык. Андан соң үйгө дос балдарым тортко шам сайып алып куттуктап келишиптир. Аны үйлөп өчүрөр замат, тортту бетиме сүйкөп салышса болобу. Жүзүмдүн баары торт болуп, аябай күлкүлүү көрүнүп калсам аны видеого тартып, интернетке жүктөп коюшуптур. Андан кийин эң алгачкылардан болуп телефон аркылуу ырчы эжем Назгүл Токтакунова чалып куттуктады. Ал эми үйгө келип жылуу сөздөрүн арнагандардын саны азыркыга чейин түгөнө элек. Негизи жаш өткөн сайын туулган күндү белгилегенге анчейин маани бербей калат экенсиң. Азыр да кечкисин эмне кылсак, чакан кече уюштуруп койсокпу же үйдө эле бололубу деп ойлонуп жатабыз", - дейт ырчы.

Адилет Эркинбек уулу тууралуу кызыктуу фактылар: Жубайы Илима менен

  • 1992-жылы 19-сентябрда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган;
  • Үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу, жалгыз эркек;
  • Баскетбол ойноодон ырахат алат;
  • “Style Mix” тобундагы Илима Дүйшөналиева менен 3 жыл кыз-жигит болуп жүрүп, 1 жыл мурун баш кошушкан.
  • Үлпөт той күнү тиши катуу ооруп, дары ичсе да басылган эмес. Мындан улам тиш доктурга барып, жулдуруп келүүгө аргасыз болгон.

19-сентябрдын жылнаамасы.






Адилет Эркинбек уулун достору өзгөчө куттукташты (үнү жок)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: