super.kg logo

Кайрат Осмоналиев, БШК мүчөсү: "Келдибековду талапкерликтен алуу туура эмес болду"

 

Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Кара-Суу шаардык кеңешин шайлоодогу шектүү бюллетендерди кесүү боюнча БШКнын бир мүчөсү өз алдынча чечим кабыл алганы туура эмес экенин айтат.

"Бул маселе коллегиялдуу түрдө каралышы керек эле. Комиссияда талкууланууга тийиш эле. Бир эле адамдын көлөмү чоң бюллетендерди кесүүгө тапшырма бергени туура эмес. Анткени бул маселе шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган окуя", - деди Осмоналиев.

Осмоналиев БШКнын Ахматбек Келдибеков менен Исхак Масалиевди президенттикке талапкерлердин катарынан чыгаруусу туура эмес болгонун белгилеп, эки маселеге тең каршы добуш бергенин айтты.

"Масалиев кол топтоо үчүн мурдагы шайлоодон артып калган барактарды колдонгонун айтты. Буга эч кандай тыюу жок болчу", - деди Осмоналиев.

Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: