Медеткан Шеримкулов: "Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр" дегенди токтотуу керек. Анткени биз президентти гана шайлайбыз"
Бишкекте бүгүн, 19-сентябрда "Акыйкат шайлоо үчүн" кыймылынын биринчи отуруму өтүүдө. Талкууланган тема - алдыдагы президенттик шайлоо.
Белгилүү мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов: "Биометрикалык маалымат системи шайлоого карата гана киргизилди. Шайлоочулардын укугун чектеп жатышат. Анткени Конституцияда "Кыргыз Республикасынын ар бир жараны шайлоого катышууга укуктуу" деп жазылган. 2020-жылкы шайлоого биометрика тапшырганы да, тапшырбаганы да добуш бере ала турган кылуу керек.
Дагы бир нерсеге көңүл буруу керек. Президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев бирикти, кубанып турам. Бирок алардын "Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр" деген урааны туура эмес. Бул шайлоодо биз президентти гана шайлайбыз. Эртең Бабанов президент болуп шайланып калса шайлоочулар "Бабанов сөзүңө тур, Төрөбаевди премьер кыл" дешет. Ал эми президент премьерди дайындай албайт. Бул маанилүү нерсе, элде нааразычылык жаралат. БШК аларга эскертүү берүү керек", - деп билдирди.
Эскерте кетсек, аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлгөн. Демилгечилер кыймылдын максатын "президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүүнү камсыздоо" деп аташкан. Кыймылга экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы депутат Равшан Жээнбеков, депутат Жанар Акаев жана башкалар мүчө.














1 |