super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз футзалчылар Таити курамасын жеңип алды

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында футзал боюнча Кыргыз курама командасы алгачкы жеңишке жетти.

Футзал боюнча Кыргыз курама командасы жабык имараттагы Азия оюндарынын 2-турунун алкагында Таити курамасы менен кез келген. Анда кызуу беттештин жыйынтыгында Кыргыз курама командасы 4:2 эсебинде жеңишке жетти. Эсеп санын Кыргыз курама командасы 2-мүнөттө Арстанбек Турсуновдун голу менен ачты. 23-мүнөттө Манас Абдрасул уулу эсепти 2:0 кылса, Таити курамасы 28-мүнөттө эсепти 2:1 кылганга жетишти. 31-мүнөттө Актай Таштанов таамай сокку менен эсепти 3:1 кылса, арадан 1 мүнөт өтпөй Дамир Исаков Кыргыз командасынын 4-голун киргизди. Беттештин акыркы мүнөтүндө Таити курамасы 1 гол киргизгенге үлгүрдү. Эсеп 4:2. Кыргыз курама командасы алгачкы жеңиш менен 3 упайга ээ болду.

Бул жеңиш менен Кыргыз курама командасы 3 упай менен турнирдик жадыбалда 3-орунга жайгашты. Иран жана Иордания курама командалары 3 упай менен турнирдик жадыбалдын алдында келе жатат. Ал эми Таити курамасы упайсыз саптын аягында жайгашкан. Иран-Иордания командаларынын беттеши бүгүн саат 14:15те орун алат.

Кыргыз-Таити 4:2

Голдор: Арстанбек Турсунов 2-мүнөттө, Манас Абдрасул уулу 23-мүнөттө, Актай Таштанов 31-мүнөттө, Дамир Исаков 32-мүнөттө - Тейвари Кайха 28-мүнөттө, Филипп Манеа 40-мүнөттө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: