Парламентте кыргызча баяндама жасап жаткан экономика министрине депутат маанисин бузбаш үчүн орус тилинде сүйлөй беришин айтты
Бүгүн, 19-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында кыргызча баяндама жасап жаткан экономика министри Артем Новиковду "Кыргызстан" фракциясынан депутат Нурланбек Макеев орус тилинде сүйлөй берсе боло турганын айтты.
Эл өкүлү министр баяндаманы кыргыз тилинде окуп берип, маанисин бузуп жатканын билдирди. Макеев Новиковго кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишимге кол коюлган протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Оруссияда иштеген мигранттар орусча суйлой албаса да суйлотуруп жатпайбы? Башка тилде суйлосон штраф салып....