super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бишкек ЖЭБи алган көмүрдүн 100 пайызы ата мекендик болбогонуна нааразы болду

 

Бүгүн, 19-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр алып келүү маселеси талкууланды.

КСДП фракциясынан депутат Азамат Арапбаев Бишкек ЖЭБи ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көмүрүн албаганга нааразы болду.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов билдиргендей, “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна быйылкы кышкы сезонго карата Бишкек ЖЭБин 1 миллион тонна көмүр менен камсыз кылуу тапшырмасы берилген. Анын айтымында, 550 миң тонна жергиликтүү көмүр сатып алынат.

“500 миң тонна Кара-Кечеден, 50 миң тонна Таш-Көмүрдөн алынат. Ал эми 450 миң тонна көмүр импорттолуп Казакстандан келет”, - дейт.

Азамат Арапбаев: “2010-жылы ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн өндүргөн көмүрдүн көлөмү түшүп кеткенде, өкмөттүн, парламенттин аракети менен токтом кабыл алынган. Анда көмүрдү ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга милдеттендирилген”, - дейт.

Жыйынтыгында депутаттар 2017-2018-жылдарга Бишкек ЖЭБине көмүр алып келүү жөнүндө маселе боюнча кайра карап чыгуу керек экенине токтолушту. Алар Бишкек ЖЭБине 100 пайыз ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн көмүрүн сатып алуу боюнча кароо тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: