super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз балбандар алыш боюнча мелдеште 5 коло медаль жеңип алышты

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында алыш боюнча мелдеште Кыргыз спортчулар 5 коло медаль багындырышты.

Кадыр Келсинбеков 100 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгачкы беттешинде ирандык балбанды 6:0 эсебинде жеңсе, чейрек финалда тажик балбанга туш келип 5:0 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда Кыргыз балбан түркмөнстандык Хоскелди Ханаевге туш келип 3:10 эсебинде жеңилип калган. Бул жыйынтык менен Кадыр Келсинбеков Азия оюндарынын коло медалын тагынды.

Ильяс Нишанов 100 килограммдан жогору салмак ченинде күрөшүп, алгач ирандык балбанды жеңип, чейрек финалда тажикстандык Махмад Мировду 5:1 эсеби менен жеңип алган. Бирок жарым финалда түркмөнстандык Мурат Жумаев менен беттешип жеңилип калган. Бул жыйынтык Кыргыз балбанга коло медаль алып келди.

Назира Арзыбекова 70 килограммдан жогору салмак ченинде күрөшүп, алгач беттешин чейрек финалдык баскычтан өткөргөн. Анда индиялык балбан менен күрөшүп 5:0 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда Кыргыз балбан монголиялык Мунктсетсег Отгон менен беттешип 6:0 эсебинде жеңилип калган. Бул жыйынтык менен Кыргыз балбан коло медалын тагынды.

Анара Рыскулова 55 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, биринчи беттешинде индиялык спортчуга туш келген. Анда Кыргыз балбан 10:0 эсебинде жеңишке жетип жарым финалга өткөн. Жарым финалда Рыскулова түркмөнстандык балбанга туш келген. Беттештин жыйынтыгында түркмөн спортчусу 1 упай топтоп жеңишке жеткен. Муну менен Анара Рыскулова коло медалга ээ болду.

Уулкан Алибай кызы 65 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттешин жарым финалдан баштаган. Анда Алибай кызы түркмөнстандык балбан менен күрөшүп 6:2 эсебинде жеңилип калган. Муну менен Уулкан Алибай кызы Азия оюндарында Кыргыз капчыгына 9-коло медалды алып келди.

Эске салсак, буга чейин түркмөн күрөш боюнча мелдеште Эсенбек Кудайбердиев, Назира Марсбек кызы жана Мээрим Жуманазарова күмүш медалдарын тагынса, Кененбек Шамидин уулу, Назира Арзыбекова жана Уулкан Алибай кызы коло медалдарын жеңген. Ал эми жиу-житсу боюнча мелдеште Ариет Бекишов коло медалын жеңсе, Абдурахманхажи Муртазалиев алтын медалын багындырган.

Бул жыйынтык менен Кыргыз өлкөсүнө 1 алтын, 3 күмүш жана 9 коло медаль буюруп, жалпы медалдык эсепте 9-орунда жайгашты. Аталган мелдешке Азиянын жана Океаниянын 62 өлкөсүнөн спортчулар катышып, медалдар үчүн ат салышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
20.09.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм биздин балбандарлы. Назира Арзыбекова карындашым женишин куттуу болсун! Биздин айылдын сыймыгы бол.
21.09.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суппер ушундай жогорудагы табельди жаңылап туруңуздарчы сураныч? Мекенибиз канчанчы орунда кетип жатканын көрүп туралы???
21.09.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaary, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: