super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Бильярд боюнча мелдеште Дастан Лепшаков алгачкы жеңишке жетти

 

Бүгүн, 19-сентябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында бильярд боюнча мелдештер старт алган. Анда Кыргыз өлкөсүнүн бильярдчысы Дастан Лепшаков алгачкы жеңишине жетти.

Аталган мелдеште Кыргыз спортчу эркин пирамида боюнча беттешип, алгачкы атаандашы филиппиндик Франсиско Бустаманте болгон. Кызуу беттештин жүрүшүндө Дастан Лепшаков 5:1 (8:0, 8:0, 8:2, 6:8, 8:0, 8:2) эсеби менен жеңишке жетти.

Кийинки беттеште Дастан Лепшаков казакстандык Эрнар Чимбаев менен кездешет.

Дагы бир Кыргыз спортчу Арсен Каленбаев пул түрүндө ирандык Али Махсуд менен беттешип 9:1 эсебинде жеңилип калды. Кийинки беттеште Каленбаев иорданиялык Ахмад Аль-Окайлы менен күч сынашат.

Кыргыз спортчулардын атаандаштары жана беттештердин убактысы (Бишкек убактысы боюнча):

19-сентябрь, 19:00 - Дастан Лепшаков - Эрнар Чимбаев (Казакстан);

20-сентябрь, 15:00 Арсен Каленбаев - Ахмад Аль-Окайлы (Иордания).






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.09.2017. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аталган мелдеште! :)
19.09.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: