super.kg logo

Баткенде эки ай мурун дайынсыз жоголгон жаран жергиликтүү тургундарды сабап коркутканы айтылды. Аны кармоо үчүн бир нече адам ат менен көчөгө чыкты

 

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Кичи-Айдаркен айылында 32 жаштагы аялды белгисиз адам 9-сентябрда үйүнө келип себепсиз уруп качып кеткени, айылдын тургундары анын мындай аракетинен кооптонуп жатышканы кабарланган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова ал адамдын ким экендиги аныкталганын SUPER.KG'ге билдирди.

"Ал Баткен районундагы Таян деген айылдын 1972-жылы туулган Абдималик Сабиров аттуу тургуну экени белгилүү болду. Сабиров 2017-жылдын 14-июлунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан. 9-сентябрда Кадамжай районундагы Кичи-Айдаркен деген айылга келип саат 22:15 чамасында бир аялды себепсиз уруп качып кетиптир. Ал психикалык жактан жабыркайт. Азыр райондук милиция кызматкерлери жана айыл тургундары аны кармоо үчүн издеп жатышат. Айрымдары ат менен чыгышты", - деди Юсупова.

Айрым маалыматтарга караганда, ал адам 10-сентябрда да аталган айылдагы үйлөрдүн бирине кирип келип, ошол үйдө жашаган аялды муунтууга аракет кылган. Бирок аял кыйкырып жибергенде качып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
20.09.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кандай ушуну кармай алышпайт баары коркуп калды айылдагылар
20.09.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aitowa11,Ошол көрүнбөй жатпайбы сен көрсөтүп бер мен кармайын.
20.09.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кадамжайды дурболонго салган-Нинза дешкени ушуго, элдер ар ким озуну ойлоп калган чындап канча кун болду кармаша албай журот,
20.09.2017. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Рахмат,СУПЕР ИНФО.ушул окуя боюнча маалымат сурадым эле.
20.09.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Сабировбу же башка адамбы мунун бетин так даана көргөн адам жок.Анан кызыгы жалаң айалдарга көрүнүп жатат.
20.09.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orunbai,бир жылдары Базар-Коргондо болгон ушундай окуя жалаң эле аялдарга көрүнүп секундта чыгып жок болуп кетет экен.
20.09.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa,акыры емне болуптур дайыны чыкканбы екенби?
21.09.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orunbai,гулдогонго узтабызда, анын аялы олуп стрессте журуп эле окшош аялды корсо аялым дей берет экен болгону ошо
20.09.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым не деген шундук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: