Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен Өмүрбек Бабановдун жолукканы тууралуу кабарды чыгарууну БШК мүчөлөрү мыйзамсыз дешти

Бүгүн, 19-сентябрда Казак президенти Нурсултан Назарбаев Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов менен жолугуп эки мамлекеттин ортосундагы алакалар тууралуу сүйлөшүшкөнүн Казак президентинин расмий сайты, tengrinews.kz жана башка бир катар маалымат булактары жазып чыкты.
Бул жаңылык тууралуу SUPER.KG порталы жазгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө кайрылсак, БШК мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов да, Назарали Арипов да Бабанов менен Назарбаев жолугушканы тууралуу маалыматты жарыялоого болбойт дешти.
Ошондуктан SUPER.KG порталы кабарды алып салууга туура келди. Бирок маанилүү жаңылыктарды таратууга минтип чектөө коюу кандай мыйзам жана логикага таянуу менен жасалып жатканы түшүнүксүз.
Кыстарылган аудио
БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов үгүт материалдары тууралуу
Назарали Арипов: "Президенттикке талапкер чет мамлекеттиктер менен жолукканын ММКларда чагылдырууга тыюу салынат"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
2

Ал эми Бабановдун шайлоо алдында Назарбаев менен учурашышы, Бабанов кыргыздарга куйбогонунон кабар берет......