ЖЫЛНААМА, 20-СЕНТЯБРЬ: 90 жыл мурун саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов туулган




90 жыл мурун, тактап айтканда, 1927-жылы 20-сентябрда саясатчы жана коомдук ишмер Султан Ибраимов Чүй аймагынын Алчалуу айылында туулган. Кыргыздын өнүгүшү үчүн чындыкты айтуудан коркпогон ишмер Фрунзедеги гидромелиоративдик техникумду, Ташкенттеги ирригация инженерлери жана айыл чарбасын механизациялаштыруу институтун бүтүргөн.
Ал өзүнүн эмгек жолун айылда колхозчу, тракторчу болуп иштөө менен баштаган. Андан кийин Чүй сугат тармагы башкармасында гидротехник, Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын суу чарбасы жана энергетика институтунун кенже илимий кызматкери, Кыргызстан КП БКнын илим, жогорку окуу жайлар жана мектептер бөлүмүнүн инструктору жана башка ушул сыяктуу жооптуу кызматтарда иштеген.
Султан Ибраимовдун маалында Ош облусунда жолдор оңдолуп, үйлөр тургузулган. Ошондой эле театр, оорукана, өндүрүш ишканалары, суу сактагычтар жана каналдар курулган.
СССР Жогорку, Кыргыз ССР Жогорку Советтерине депутат, КПССтин XXIV съездине делегат болуп шайланган. Эки жолу Ленин, Октябрь революциясы, эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган. 1980-жылы каргашалуу окуянын кесепетинен 53 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
20-сентябрдын жылнаамасы.
