"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Панфилов районунун Октябрь айылындагы кырманга илинген баннер багыттама катары илинген, шайлоо мектепте эле өтөт" дейт БШКнын өкүлү





Буга чейин окурман "ЭЛДИК КАБАРга" "Панфилов районунда биздин кырманды шайлоо участогу кылып коюшуптур" деп WhatsApp аркылуу маалымат жөнөткөн.
Окурман "Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Октябрь айылында шайлоолор дайыма эле мектепте өткөрүлчү. Быйыл №7390 номерлүү шайлоо участкасы жеке менчик кооперативдин эгин түшүргөн кырманында өтмөк болгонбу, билбейм, маалымат тактаны ошол жакка илип коюшуптур. Кырмандын ичи чоң болгону менен ылайыгы жок. Жеке менчик имаратта шайлоо өткөнү туура эмес го" деп билдирүү тараткан.
Бул боюнча SUPER.KG порталына БШКнын Панфилов районундагы өкүлү Таалайбек Кадырбаев байланышып, кырманда илинген баннер жөн эле багыттама экенин билдирди.
"Негизи шайлоо Октябрь айылындагы мектепте эле өтөт. Кырманда илинген баннер болгону багыттама. Анткени кырман чоң жолдун боюнда, элге көрүнгөн жерде орун алган. Ошол себептен эл участок кайсы тарапта жайгашкандыгын билүү үчүн мурунку багыттаманы илип коюшкан", - деди Кадырбаев.
