Өзүнүн кыздарын зордуктап жүргөн 58 жаштагы жаран кармалды
Бишкек шаардык ИИББине 19 жаштагы кыз кайрылып, 25-март күнү өз атасы күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Маалым болгондой, кыздын энеси 2009-жылы көз жумган. Жабырлануучу кыздын айтымында, ошол убакыттан бери өзүн жана бир тууган эжесин атасы зордуктап келген. Атасынын мындай жапайы жоругунан улам эжесинин боюна бүтүп, аборт жасатканын да кошумчалаган арыз ээси. Укук коргоо кызматкерлери 26-май күнү кылмышка шектүү 58 жаштагы А. аттуу жаранды кармашып, ал Бишкек шаардык ИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Спирт ичимдиктерин сатууга тыюуу салыш керек. Арак бузат баарын. Бизде дагы наркотикти менттер крышуют сами. Наркотик мээни бузуп, адамды айбанга айлантат.