Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз баскетболчулар Монголияга жеңилип Непал командасын жеңди

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында баскетбол 3х3 боюнча мелдеште Кыргыз курамасы Монголияга жеңилип, Непал командасын жеңди.
Кыргыз курама командасы тайпалык баскычта Монголия, Непал жана Өзбекстан командаларына туш келген. Алгачкы беттеште Кыргыз баскетболчулар Монголия командасы менен беттешкен. Беттештин жыйынтыгында 12:22 эсеби катталып, Монголия командасы жеңишке жетти. Кийинки беттеште Кыргыз спортчулар Непал курамасын 19:15 эсебинде жеңип алган.
Тайпалык баскычтын 3-турунун алкагында Кыргыз командасы 21-сентябрда Өзбекстан командасы менен беттешет.
Беттештердин жыйынтыгы:
Кыргыз-Монголия 12:22;
Кыргыз-Непал 19:15.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.