АКШда Кыргыз жараны Линкольндун мемориалына "Нуртилек" деп жазганы үчүн кармалды





АКШнын Вашингтон шаарында Кыргыз жараны вандализмге шектелип кармалды. Бул тууралуу New York Daily News басылмасы жазды.
Маалыматка караганда, 21 жаштагы студент Нуртилек Бакиров 18-сентябрда кармалган. Ал Авраам Линкольндун мемориалына "Нуртилек" деп жазганы үчүн айыпталууда.
Эгер Кыргыз жараны күнөөлүү деп табылса 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн же 25 миң долларга чейин айып пул төлөйт.
Айта кетсек, Авраам Линкольн 1809-жылы 12-февралда АКШнын Кентукки штатынын Гардинг округунда жашаган Томас жана Ненси Хэнкс Линкольндордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 1861-жылы АКШнын 16-президенти болуп шайланып, ал АКШнын Конституциясына көптөгөн кошумчаларды киргизип, кулчулукту түп-тамыры менен жойгон.
Линкольн Американын тарыхында "улутту сактап калган президент" аталып, америкалыктардын пикирине караганда ал эң интеллектуалдуу президент жана азыркы күнгө чейин өрнөк боло турган адам деп саналып келет.
Ал эми Авраам Линкольнго арналган мемориалдын курулушу 1914-жылы башталып, 1922-жылдын 30-майында ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Бутун турган нерсени оюп,кырып жазгандарычы дагы.Коруп зээнин кейийт.
Кантседа озубуздун бала, элчилик киришип жардам берсин тууганыбызга