super.kg logo
  Спорт  

Жабык имараттагы Азия оюндары: Кыргыз жөө күлүктөрү финалга чыгышты

 

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз жөө күлүктөр жеңил атлетика боюнча мелдештин 800 метр аралыктагы жарышка катышып финалга өтүштү. Эми алар медалдарды жеңгенге аракет жасашат.

Бүгүн, 20-сентябрда жеңил атлетика боюнча мелдештин акыркы күнүндө финалдык жарыштар орун алат. Анда Кыргыз спортчулар Мусулман Жоламанов, Гүлшанай Сатарова жана Арина Клещукова медалдар үчүн ат салышат. Мусулман Жоламанов эркектер арасындагы 800 метр аралыктагы жарышка катышса, Гүлшанай Сатарова жана Арина Клещукова кыз-келиндер арасындагы 800 метр аралыктагы жарышка катышат.

Кыргыз жөө күлүктөрдүн тизмеси жана катыша турган убактысы (Бишкек убактысы боюнча):

19:55 - Гүлшанай Сатарова - 800 метр аралыктагы жарышка катышат;

19:55 - Арина Клещукова - 800 метр аралыктагы жарышка катышат;

20:10 - Мусулман Жоламанов - 800 метр аралыктагы жарышка катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: