Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев беларустук кесиптеши Владимир Макей менен жолугушту
27-майда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Беларусь өлкөсүнүн тышкы иштер министри Владимир Макей менен жолугушту. ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу тууралуу сүйлөшүштү. КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн жолугушууда тараптар ЖККУ жана Бажы биримдиги тууралуу маселелерге өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

